AmCham-Кыргызстан веб-сайтына кош келипсиз!
Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы (AmCham) — бул өлкөдө жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес-чөйрөнү түзүүгө умтулган алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация.
Палата Кыргыз Республикасындагы экономикалык өнүгүүгө активдүү салым кошуп жаткан жергиликтүү жана эл аралык инвесторлор үчүн ыңгайлуу бизнес-шарттарды калыптандырууга көмөктөшөт.
AmCham эл аралык деңгээлде жергиликтүү бизнестин жана Кыргызстанда иш алып барган чет элдик компаниялардын кызыкчылыктарын илгерилетип, 100дөн ашуун компания менен кызматташат.
Өз ишмердигинин алкагында AmCham ишкерлерди, саясатчыларды жана инвесторлорду байланыштырып, өз ара пайдалуу чечимдерди кабыл алууга өбөлгө түзгөн платформа катары кызмат өтөйт.