Палатанын иши

Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы (Палата) — өлкөдө жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишкердик чөйрөнү түзүүгө умтулган алдыңкы эл аралык бизнес-ассоциация. Палата экономикасынын ар кыл тармактарында иш алып барган 120дан ашуун ири, орто жана чакан ишканаларды бириктирет.

Палата Кыргыз Республикасында экономикалык өнүгүүгө активдүү салым кошуп жаткан жергиликтүү жана эл аралык инвесторлор үчүн туруктуу жана алдын ала божомолдоого боло турган ишкердик чөйрөнү түзүүгө көмөктөшөт. Ишкерлер менен мамлекеттик органдар ортосунда көпүрө катары кызмат кылуу менен, Палата өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга салым кошуп келет.

Палатанын миссиясы:
Кыргыз Республикасында бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ишкер чөйрөнүн бирдиктүү үнүн жеткирүү жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө кызыкдар тараптардын ортосунда байланыш түзүү.

Палатанын келечекке карата көз карашы:
Палата — бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө багытталган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк диалогунун негизги катышуучусу. Ал ишкерлердин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүүдө лидер катары чыгып келет.

Аткаруучу директордун кайрылуусу

Урматтуу Америкалык Соода Палатасынын мүчөлөрү жана өнөктөштөрү,

Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасынын расмий сайтына кош келиңиздер.

Аткаруучу директор катары сиздерге кайрылуу — мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. AmCham желеги алдында бириккен кесиптик жамаатты өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар жана ишенимиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.

AmCham’дын глобалдык тармагынын мүчөсү катары, биз жергиликтүү жана эл аралык бизнес-коомчулуктардын ортосунда негизги байланыш көпүрөсү болууну сыймык катары эсептейбиз. Биздин миссия — туруктуу жана динамикалуу бизнес-чөйрөдө ишкердиктин өнүгүшүнө шарт түзүү, «жашыл» инвестициялардын келүүсүнө көмөктөшүү жана Кыргыз Республикасында санариптик жана креативдик экономиканын өсүшүн колдоо.

Бүгүнкү күндө Палата финансы, телекоммуникация, консалтинг, курулуш жана тоо-кен тармагын кошкондо, ар кандай тармактарда иш алып барган 100дөн ашуун компанияны бириктирет. Бул ар түрдүүлүк Палатанын күчүн, туруктуулугун жана жаңы мүмкүнчүлүктөргө даяр экендигин көрсөтөт.

Биздин бардык жетишкендиктерибиз — бул жалпы аракетиңиздердин жыйынтыгы. Сиздердин катышууңуздар, демилгелер жана идеялар — биздин өнүгүүбүздүн багытын аныктап турат. Мен терең ишенем: натыйжалуу кызматташтык аркылуу гана чыныгы өзгөрүүлөрдү жаратып, Кыргызстандын жана жалпы аймактын бизнес-чөйрөсүн бекемдей алабыз.

Жалпы максатыбызга кошкон салымыңыз, өнөктөштүгүңүз жана ишенимиңиз үчүн ыраазычылык билдирем.

Терең урматтоо менен,
Алтынай Асанова
Аткаруучу директор
Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасы

AmCham кандай иштерди аткарат?

Ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшөбүз

Палата — Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө кызыкдар болгон ишкерлер, жогорку мамлекеттик кызматкерлер, эл аралык уюмдар жана башка жактардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты камсыз кылган байланыш платформасы.

Биз уюштурабыз:

  • B2B жолугушуулар
  • Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен бизнес-завтрактар
  • Эл аралык бизнес-турлар
  • Компанияларга экскурсиялар жана таанышуу сапарлары
  • Комитет жыйындары
  • Спорттук жана коомдук иш-чаралар
  • Ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган башка иш-чаралар

Маалыматтык колдоо көрсөтөбүз

Палата өз мүчөлөрүнө актуалдуу маалыматтык колдоо көрсөтөт.

Биз бөлүшөбүз:

  • Мүчө компаниялардын жаңылыктары, алардын өнүмдөрү жана кызматтары тууралуу маалымат
  • Жергиликтүү, региондук жана эл аралык иш-чаралар жөнүндө маалымат
  • Финансы, маркетинг, салык жана башка бизнеске тиешелүү жаңылыктар
  • Мыйзамдардагы жана жөнгө салуулардагы акыркы өзгөрүүлөр

Биз колдонобуз:

  • Палатанын Вестниги
  • Юридикалык жаңылыктар бюллетени
  • Электрондук каттар, веб-сайт жана социалдык тармактар

Жана илгерилетебиз:

  • Мүчөлөрдүн жана өнөктөштөрдүн арасында компаниялар боюнча жаңылыктарды
  • Палатанын мүчөлөрүнүн өнүмдөрүн жана кызматтарын жергиликтүү жана эл аралык рыноктордо
  • Кыргыз Республикасындагы бизнес мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кызыкдар инвесторлор үчүн маалыматтарды

Мүчөлөрдүн кызыкчылыктарын илгерилетебиз

Палата мамлекеттик-жеке өнөктөштүк платформаларында мүчөлөрдүн атынан чыгып, B2G жолугушууларды уюштурат.

Биз:

  • Жеке сектордун маселелерин чечүү үчүн аянтчаларды түзөбүз — тегерек столдор, конференциялар жана форумдар

  • Өлкөнүн жана тармактардын өнүгүү стратегияларына, маанилүү мамлекеттик чечимдерге, мыйзамдарга жана токтомдорго сунуштарды иштеп чыгабыз

  • Палатанын комитеттеринин муктаждыктарына жана сунуштарына таянып, тармактык көйгөйлөрдү көтөрөбүз

Биз кызматташабыз:

  • Министрлер Кабинети, министрликтер жана башка мамлекеттик мекемелер менен

  • Бизнес өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана башка коммерциялык эмес уюмдар менен

Окуу жана квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн беребиз

  • Компания кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн тренингдер, семинарлар жана вебинарлар

  • Стажировка программалары

  • Ментордук/наставничылык программалар

  • Жана башка билим берүү демилгелери

Компаниялардын өнүмдөрүн жана кызматтарын илгерилетебиз

Палата — мүчө компаниялардын кызматтары менен өнүмдөрүн натыйжалуу илгерилетүү үчүн күчтүү платформа.

Биз камсыз кылабыз:

  • Палатанын маалыматтык ресурстары аркылуу маалыматтык колдоо

  • B2B жолугушууларды

  • Компанияларга экскурсияларды жана визиттерди

  • Компания тууралуу маалыматты, логотипти жана жаңылыктарды Палатанын веб-сайтына жайгаштыруу

  • Компания жаңылыктарын ай сайынкы вестникке киргизүү

  • Мүчөлөр жана өнөктөштөр арасында жаңылыктарды таратуу

Бизнес-турларга виза алууда колдоо көрсөтөбүз

Палата өз мүчөлөрүнө АКШга жана башка өлкөлөргө бизнес-турлардын алкагында виза алууга көмөк көрсөтөт.

AmCham глобалдык түйүнү

Кыргызстан тууралуу

Кыргыз Республикасы — Борбордук Азиянын чок ортосунда жайгашкан мамлекет болуп, калкы 7,3 миллиондон ашуун адамды түзөт. Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешкен стратегиялык жайгашуусунун аркасында өлкө аймактагы жаратылыштан келип чыккан транзиттик жана соода түйүнү болуп эсептелет. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мүчөсү катары 180 миллионго жакын керектөөчүсү бар кеңири рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын негизги экспорттук товарларына алтын, электр энергиясы, пахта, эт, тамеки, текстиль продукциясы, жүн, ошондой эле өсүп келе жаткан көлөмдө айыл чарба продукциясы жана жеңил өнөр жай товарлары кирет. Өлкө жаратылыш ресурстарына бай жана гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия булактары боюнча олуттуу потенциалга ээ.

Fitch Ratings жана S&P Global сыяктуу эл аралык рейтинг агенттиктери Кыргыз Республикасына туруктуу кредиттик рейтинг берип, макроэкономикалык туруктуу башкарууну баса белгилешкен. Жаңыртылган суверендүү рейтингдер тууралуу маалыматты TheGlobalEconomy.com сайтынан да табууга болот.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк өзүнүн акыркы баяндамаларында Кыргызстан экономикасынын глобалдык туруксуздук шартында туруктуулугун белгилешкен. 2024-жылы ИДПнын 9% өсүшү, инфляциянын 5% чегине чейин төмөндөшү, мамлекеттик карыздын ИДПга карата 36,6% чейин азайышы, макроэкономикалык негиздердин бекемделиши жана реформалардын жүргүзүлүшү оң бааланган.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин коопсуздук боюнча сунуштарына ылайык, Кыргызстан саякатчылар жана инвесторлор үчүн эң жогорку — 1-деңгээлдеги коопсуз өлкө деп таанылган («кадимки этияттык чараларын көрүү»).

Кыргыз Республикасынын инвестициялык жактан кызыктуу тармактары:

  • Маалыматтык технологиялар жана санариптик кызматтар
  • Кайра жаралуучу энергия жана гидроэнергетика
  • Туризм жана экотуризм
  • Курулуш, инфраструктура жана инженердик чечимдер
  • Казып алуу өнөр жайы жана жаратылыш ресурстары
  • Айыл чарба жана агроөнөр жай продукциясын кайра иштетүү

Кыргызстандын атаандаштык артыкчылыктары:

  • Инвесторлорго ыңгайлуу, либералдуу мыйзамдар
  • Ачык жана түшүнүктүү жөнгө салуучу ченемдик база
  • Төмөн салыктар (10% киреше салыгы, 12% КНС)
  • Квалификациялуу, көп тилдүү жана экономикалык жактан натыйжалуу жумушчу күч
  • Аймактагы эң төмөн электр энергия тарифтери
  • Жашоо жана бизнес жүргүзүү үчүн жеткиликтүү шарттар
  • 60тан ашуун өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим
  • ЕАЭБ жана эркин соода келишимдери аркылуу аймактык рынокторго жеткиликтүүлүк

Кыргыз Республикасы бизнес каттоо жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү аркылуу санариптик трансформацияны активдүү улантып, стартаптар жана эл аралык инвесторлор үчүн барған сайын жагымдуу өлкөгө айланууда.