AmCham мүчөлөрү

«Компаньон Банкы» ЖАК

Кумуш

Банктык жана каржылык сектор

«Компаньон Банкы» ЖАК 2004-жылы МКК «Финансылык Топ Компаньон» катары түзүлгөндөн тартып, институттук өсүштүн бардык этаптарынан ийгиликтүү өтүп, бүгүнкү күндө Борбор Азиядагы туруктуу жана ишенимдүү каржы уюму катары белгилүү.

Компаньон Банкы – калктын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан кеңири спектрдеги каржылык кызматтарды сунуштаган социалдык жактан жоопкерчиликтүү каржы институту. Бүгүнкү күндө банктын Кыргызстандын бардык аймактарында 100дөн ашык кардарларды тейлөө пункттары бар — башкы кеңсе, филиалдар жана аманат кассалары кирет. Ошондой эле өлкө боюнча 2 300дөн ашык расмий өкүлдөрү аркылуу банктык кызматтар эң алыскы аймактарда да жеткиликтүү болуп жатат.

Банктын акционери — Solaris Finance Limited, ROX Group компаниясыны стратегиялык өнөктөшү. ROX Group — банктык жана каржылык секторлордо, кайра жаралуучу энергетикада жана кыймылсыз мүлк тармагында иш алып барган диверсификацияланган эл аралык конгломерат. Solaris Finance Limited Компаньон Банктын өнүгүүсү жана санариптик трансформациясы үчүн туруктуу капиталды камсыздап, заманбап каржылык сервис жана инновациялык чечимдерди киргизүүгө өбөлгө түзөт. Акционер Түштүк-Чыгыш Азиядагы эң тез өсүп жаткан санариптик банктын платформаларынын бири — 6 миллиондан ашык кардарды тейлеген системанын тажрыйбасына таянуу менен алдыңкы санариптик чечимдерди киргизет. Ошондой эле акционерлик компания ачык башкаруу, стратегиялык туруктуулук жана өнөктөштөргө жана коомго жоопкерчиликтүү мамиле кылуу принциптерин карманат.

Компаньон Банктын миссиясы — биргеликте жаркын келечек түзүү.

Кыргыз Республикасы, 720044, Бишкек шаары
88 00
https://www.kompanion.kg/