AmCham мүчөлөрү

ЖЧК “Тооашкан”

A категориясы

«Тооашкан» ЖЧКсы 2008-жылы түзүлүп, учурда соода, курулуш жана фармацевтика тармагына адистешкен. Компаниянын ишмердүүлүгү мамлекеттик сатып алуулардын жана эл аралык уюмдардын тендерлеринин алкагындагы долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууну, сапаттуу товарларды жана кызматтарды көрсөтүүнү камтыйт.

«Тооашкан» ар турдуу категориядагы товарларды, анын ичинде курулуш материалдарын, медициналык жабдууларды, фармацевтиканы жана башка жогорку сапаттагы буюмдарды сунуш кылат. Компания ишенимдүү өндүрүүчүлөр менен узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди орнотот, анын аркасында алар өз кардарларына ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү өнүмдөрдү беришет.

Уюм өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында ар кандай масштабдагы курулуш долбоорлорун, анын ичинде мамлекеттик объектилерди курууну ишке ашырат. Компания имараттарды жана курулуштарды долбоорлоо, оңдоо, реконструкциялоо, курууну камтыган курулуш кызматтарынын толук спектрин сунуштайт. Алар иштин жогорку сапатына жана долбоордун белгиленген мөөнөттөрүнүн сакталышына кепилдик беришет.

«Тооашкан» ЖЧКсы мамлекеттик сатып алуулар системасы жаатында өзүнүн тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү менен сыймыктанат. Компания кардарлар менен узак мөөнөттүү кызматташууга умтулат жана алардын муктаждыктарына көңүл бурат.

Кыргыз Республикасы, Бишкек, 109/2, Турусбеков к.
+996 555 734 000
http://tooashkan.kg/