Новости членов AmCham

1-октябрдан баштап VISA Platinumдун ээлери үчүн лаундж-залдарга кирүү DRAGONPASS программасы аркылуу Visa Airport Companion тиркемесинде же Visa Concierg чат-ботунда ишке ашырылат

Урматтуу кардарлар!

2024-жылдын 1-октябрынан баштап Visa эл аралык төлөм системасы лаундж-залдар үчүн кызмат жеткирүүчүсүн DRAGONPASS ка алмаштырат. Бул программа жазылуунун негизинде аэропорттордогу лаунждарга, ресторандар жана спаларга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Учурдагы мүчөлүктөр которулбайт жана жараксыз болуп калат.

Эмне жаңылыктар бар?

Эми аэропорттун лаунж-залдарына санариптик мүчөлүк аркылуу кирүүгө болот. Бул үчүн Visa Airport Companion тиркемесин жүктөп алуу керек, аны AppStore же Play Marketтен көчүрүп, же болбосо л Visa Concierge чат-боттору аркылуу жеткиликтүүлүк алууга болот. Бул артыкчылыктар жана кызматтар Visa Platinum карт ээлерине гана жеткиликтүү болот.

Лаундж-залга кирүү үчүн тиркемеде пайда боло турган бизнес залдын кызматкерлерине мүчөлүктү QR-кодун көрсөтүү керек болот. Эгер сизде жеткиликтүү кирүүлөр бар болсо, алар автоматтык түрдө эсептен чыгарылат. Эгерде жеткиликтүү кирүүлөр жок болсо, сиздин байланган Visa картаңыздан $32 USD өлчөмхндө ссудалык сумма алынат.

Мурда колдонулуп жүргөн LoungeKey тиркемесиндеги акысыз баруулар нөлгө чыгарылат жана Visa Airport Companion тиркемесинде DemirBankтын VISA Platinum картасы аркылуу дагы эки акысыз кирүү жеткиликтүү болот.

Колдонмону кантип жүктөөгө болот?

Visa Airport Companion тиркемеси

  1. Тиркемени App Store же Play Market аркылуу жүктөгүлө.
  2. Лаундж–залдарынын артыкчылыктарына жеткиликтүүлүк алуу үчүн тиркемеде Visa премиум картаңызды каттатуу керек.
  3. Баруу үчүн тандалган залды таап, «Walk In» баскычын басыңыз
  4. Санариптик мүмкүнчүлүк алуу үчүн “Membership” баскычын басыңыз

Visa Concierge чат-боту

  1. Visa Concierge чат-ботуна өтүү.
  2. Башкы менюдан «Lounge» баскычын табыңыз
  3. Кошулган карталар үчүн кызматтын жеткиликтүүлүгүн текшериңиз
  4. Мүмкүнчүлүк алуу үчүн “Санариптик мүчөлүк картасын алуу” баскычын басыңыз.

Дагы кандай кызматтар жеткиликтүү?

  • В DRAGONPASS камтуусунун географиясы кеңейтилди – 140+ мамлекетте 1200 дөн ашык лаундж бар.
  • Жеткиликтүүлүк түз жазылуу же өнөктөштүк программалары аркылуу баарына ачык.
  • Акы төлөнүүчү мүчөлүк деңгээлдери, анын ичинде колдонуу үчүн акы төлөө жолдору.
  • Аэропорттордогу ресторандарда, дүкөндөрдө жана курорттордо арзандатуулар.
  • Тездетилген коопсуздук тилкелерине жана лимузин кызматтарына жеткиликтүүлүк (жайгашкан жерине жараша).

Карта ээлери Visa Airport Companion тиркемесине 2024-жылдын 19-сентябрынан баштап каттала ала тургандыгын белгилеп кетели. Тиркеме аркылуу бизнес залдарга кирүү жеткиликтүүлүгү 1-октябрда башталат.