AmCham мүчөлүгүнүн категориялары

А категориясынын мүчөлөрү:

  • Директорлор кеңешине шайлануу укугуна ээ болот;
  • Директорлор кеңешине шайлоодо жана Палатанын башка административдик маселелерин чечүүдө 3 добуш берилет;
  • Палатанын саясатын түзүүгө жана административдик маселелерди чечүүгө катышат;
  • өз бизнесинин кызыкчылыктарын чет өлкөлүк базарларда тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот;
  • AmCham глобалдык түйүнүндөгү мүмкүн болгон өнөктөштөр тууралуу маалыматтарды алып турат;
  • келечектүү бизнес долбоорлор, эл аралык жыйындар жана бизнес-матчингдер тууралуу биринчи болуп маалымат алат;
  • Компаниянын кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде илгерилетүү үчүн иш-чараларды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилет;
  • КР Америкалык соода палатасынын иш-чараларына жана жалпы жолугушууларына, ошондой эле VIP-коноктор менен жолугушууларга (эксклюзивдүү) катышуу укугу берилет;
  • Палатанын сайтындагы негизги бетке баннер бир айга акысыз жайгаштырылат;
  • 3 дисконттук карта берилет;
  • Компаниянын жаңылыктары башкаларга таратылып турат;
  • Ай сайын чыкчу басылманын экинчи бетине компания тууралуу жаңылыктар жана пресс-релиздер жайгаштырылат;
  • Компаниянын жаңылыктары социалдык медиаларда таратылат;
  • Компаниянын өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн таанытуу үчүн бет ачарлар уюштурулат.

B категориясынын мүчөлөрү:

  • Директорлор кеңешине шайлануу укугуна ээ болот;
  • Директорлор кеңешине шайлоодо жана Палатанын башка административдик маселелерин чечүүдө 2 добуш берилет;
  • AmCham глобалдык түйүнүндөгү мүмкүн болгон өнөктөштөр тууралуу маалыматтарды алып турат;
  • Келечектүү бизнес долбоорлор, эл аралык жыйындар жана бизнес-матчингдер тууралуу маалыматтар А категориясына кирген мүчөлөрдөн кийин берилет;
  • Компаниянын кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде илгерилетүү үчүн иш-чараларды өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгү берилет;
  • КР Америкалык соода палатасынын иш-чараларына жана жалпы жолугушууларына катышуу укугу берилет. VIP-коноктор менен жолугушууларга катышуу мүмкүнчүлүгү болбойт;
  • Палатанын сайтындагы бөлүмчөлөрдүн биринде баннер бир айга акысыз жайгаштырылат;
  • 2 дисконттук карта берилет;
  • Компаниянын жаңылыктары башкаларга таратылып турат;
  • Ай сайын чыкчу басылманын үчүнчү бетине компания тууралуу жаңылыктар жана пресс-релиздер жайгаштырылат;
  • Компаниянын жаңылыктары социалдык медиаларда таратылат.

C категориясынын мүчөлөрү:

  • Директорлор кеңешине шайлануу укугуна ээ болот;
  • Директорлор кеңешине шайлоодо жана Палатанын башка административдик маселелерин чечүүдө 1 добуш берилет;
  • AmCham глобалдык түйүнүндөгү мүмкүн болгон өнөктөштөр тууралуу маалыматтарды алып турат;
  • КР Америкалык соода палатасынын иш-чараларына жана жалпы жолугушууларына катышуу укугу берилет. VIP-коноктор менен жолугушууларга катышуу мүмкүнчүлүгү болбойт;
  • Палатанын сайтындагы бөлүмчөлөрдүн биринде баннер бир айга акысыз жайгаштырылат;
  • 1 дисконттук карта берилет;
  • Компаниянын жаңылыктары башкаларга таратылып турат;
  • Ай сайын чыкчу басылманын төртүнчү бетине компания тууралуу жаңылыктар жана пресс-релиздер жайгаштырылат;
  • Компаниянын жаңылыктары социалдык медиаларда

D коммерциялык эмес категориясынын мүчөлөрү: