Новости Палаты

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансы корпорациясы (DFC) тарабынан берилген инвестициялык мүмкүнчүлүктөр боюнча таанышуу жолугушуусу болуп өттү

2024-жылдын 22-февралында Америкалык Соода палатасы USAID FGI менен биргеликте Палатанын мүчөлөрү жана өнөктөштөрү үчүн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү финансы корпорациясы (DFC) сунуш кылган инвестициялык мүмкүнчүлүктөр менен тааныштырган иш-чараны ийгиликтүү өткөрдү. Иш-чаранын коногу жана спикери DFCнын инвестиция боюнча башкы Директору Тимоти Шервуд мырза болду.

Презентация учурунда Тимоти Шервуд мырза жеке сектор жана коммерциялык банктар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, DFC жана анын продуктулары тууралуу кеңири маалымат менен бөлүштү. DFCнин ишмердүүлүгүнүн негизги бөлүгү болгон маанилүү продуктыларга төмөнкүлөр кирет: карыздык каржылоо, 25 жылга чейинки мөөнөткө 1 миллиондон 1 миллиард АКШ долларына чейинки түз кредиттерди берүү; өнүгүүнү күчөтүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү компанияларга же долбоорлорго түз капиталдык инвестицияларды камтыган үлүштүк инвестициялар; жана инвестициялык капиталдын жетишсиздигин жоюу максатында өнүгүп келе жаткан рыноктордогу жеке капиталдык фонддорго инвестициялоо үчүн арналган инвестициялык фонддор.

DFCнин инвестициялык артыкчылыктарынын маанилүү секторлору: климат, ден соолук, гендердик теңчилик, Маалымат жана коммуникация технологиялары (МКТ), финансылык инклюзивдүүлүк, агробизнес/азык-түлүк коопсуздугу, кайра жаралуучу энергия жана билим берүү.
Иш-чара суроо-жооп сессиясы менен аяктады, анда катышуучулар Шервуд мырзадан DFCнин Борбордук Азиядагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана стратегиялары тууралуу кеңири маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышты.

*U.S. International Development Finance Corporation (DFC) — өнүктүрүү боюнча каржы институту жана Америка Кошмо Штаттарынын федералдык өкмөтүнүн агенттиги. DFC негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү өнүктүрүү долбоорлоруна инвестиция салат.

DFCнын кредиттик мүмкүнчүлүктөрү насыяларды, кредиттик кепилдиктерди жана түз капиталга инвестицияларды берүү үчүн колдонулат.