2024-жылдын 6-февралында Америкалык Соода палатасы менен Кичи ГЭСтер ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Кичи ГЭСтер ассоциациясынын атынан Меморандумга президент, Эльвира Боромбаева кол койду. Америкалык соода палатасынын атынан Меморандумга Аткаруучу директор Айсулуу Сыдыгалиева кол койду.
Тараптар Ассоциациялар ортосундагы эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле уюмдар ортосунда туруктуу байланыштарды кармап туруу, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле биргелешкен иш-чараларга, жумушчу жолугушууларга катышуу зарылчылыгы жөнүндө айтылды.
Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет жана мындан ары да узак мөөнөттүү жана жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөбүз.



