«Петро Инвест» ЖЧКсы мунай-газ жана энергетика тармагында иш алып барып, мунай продуктуларын жана суюлтулган көмүр суутек газын (СКГ) дүңүнөн сатууга жана жеткирүүгө адистешкен. Компания Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймагындагы жеткирүүчүлөр жана сатып алуучулар менен кызматташат.
Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына дизелдик отунду, бензинди, СКГны, битумду жана башка мунай продуктуларын дүңүнөн жеткирүү, ошондой эле жеткирүүчүлөрдү издөө, коммерциялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, логистиканы уюштуруу жана жеткирүү процесстерин координациялоо кирет.
«Петро Инвест» жеткирүүчүлөр жана сатып алуучулар менен узак мөөнөттүү жана ишенимдүү мамилелерди түзүүгө, продукциялардын ассортиментин жана жеткирүү географиясын кеңейтүүгө, жаңы логистикалык маршруттарды өнүктүрүүгө жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга умтулат.
Компания ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Борбордук Азиянын отун рыногун өнүктүрүүгө багытталган энергетикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго катышууга кызыкдар.
Компаниянын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери – жеткирүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу, келишимдик милдеттенмелерди так аткаруу жана өнөктөштөр менен ачык-айкын, өз ара пайдалуу мамилелерди түзү.
