Новости членов AmCham

Бир чыкылдатуу менен төлөмдөр, жазылууларды башкаруу жана DemirBank мобилдик тиркемесинин дагы 8 жаңы мүмкүнчүлүктөрү – Дагы эмнени билүү керек?

Стильдүү дизайн, бир чыкылдатуу менен төлөмдөр, жазылууларды башкаруу системасы жана башкалар – мунун баары DemirBank мобилдик тиркемесинин жаңы дизайны жөнүндө!

Жаңы версиянын артыкчылыктары:

  • Баланс, төлөмдөр жана транзакциялардын тарыхына заматта кирүү
  • Картасыз QR-код колдонуу менен накталай акча алуу жана которуулар
  • VISA карталарына жазылууларды башкаруу
  • Насыя карта менен төлөө
  • Интерфейстеги жаңы түстөр
  • Бардык кызматтар смартфонуңуздун бир экранында

Картанын физикалык катышуусуз QRкод колдонуу менен төлөмдөрдү жасаңыз, жөн гана жаныңызда смартфон болгону жетиштүү:

  • Дүкөндөрдө товарлар жана кызматтар үчүн төлөө
  • Каалаган банктын картасына которуулар
  • Телефон номери боюнча которуу
  • Банктын банкоматтарынан накталай акча алуу

Эксклюзивдүү тандоо – Жазылууларды башкаруу:

Каттоо эсебиңиз байланышкан каналдарга, тиркемелерге, сайттарга жазылууларыңыз барбы? Эми сиз аларды 24/7 көзөмөлдөй аласыз:

  • Жазылууларды кошуу/өчүрүү
  • Токтотуу/кайта баштоо
  • Акча каражаттарынын кыймылын 24/7 көзөмөлдөө

Face-ID/Touch-ID

Мобилдик тиркемеге киргенде сырсөздү киргизүүнүн кажети жок; тез жана коопсуз кирүү үчүн биометрикалык аутентификацияны орнотуу гана жетиштүү.

Урматтуу кардарлар, биздин Банктан тиркеменин жаңыланган версиясын жүктөп алыңыз жана смартфонуңузда толук кандуу банкингдин кызматтарын колдонуңуз.

ДемирБанктын мобилдик банкингинин жаңыланган версиясы Google Play жана App Store дүкөндөрүндө жеткиликтүү. Сиз бул жерден жүктөп алсаңыз болот.