Новости членов AmCham

Mastercard: DemirBank Кыргызстандагы эң мыкты эмитент банкы деп табылды

Mastercard эл аралык төлөм компаниясы DemirBankты Кыргызстандагы 2024-жылдагы эң активдүү банк-эмитент катары тааныды.

DemirBankтын  Башкы менеджери Шевки  Л. Сарылар белгилегендей, банк көп жылдар бою Кыргызстандагы Mastercard  карталарын чыгаруу жаатында лидерлик статусун кармап келет. Бул сыйлык DemirBankтын Кыргызстандагы жана эл аралык рыноктогу жогорку статусун жана ийгиликтүү ишмердүүлүгүн дагы бир жолу тастыктайт.

“14 жылдан ашык убакыттан бери Mastercard  жана DemirBank жаңы долбоорлорду киргизүү, ошону менен финансылык кызматтарды кыргызстандыктар үчүн дагы жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу менен өнөктөштүк мамилелерди Активдүү өнүктүрүп келишет.  Эл аралык өнөктөш тарабынан Кыргызстандагы эң мыкты банк-эмитент катары таанылышы биз үчүн чоң сыймык. Биз өз тарабыбыздан кызматташтыкты бекемдөөнү жана инновациялык финансылык кызматтарды киргизүүнү улантабыз”, – деп белгиледи Шевки Сарылар.

2024-жылы Mastercard жана DemirBank  кыргызстандыктар үчүн маанилүү болгон бир катар масштабдуу долбоорлорду ишке ашырды. Эми, жаңы жылдын алдында Банк өлкөнүн “Ала-Тоо” аянтында  Башкы балатысынын жанындагы “Түндүк жарыкырагы” оюн-зоок жарманкесин уюштурууда расмий өнөктөш болуп чыкты. Миңдеген бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору жаңы жылдык жарманкеге барып, майрамдын атмосферасын сезүү менен эстен кеткис сезимдерге ээ болушту. Жарманкеге келгендер үчүн ачык муз аянтчасы, мастер-класстар, фуд-корт, жомоктогу декорациялар, Санта Клаустун үйлөрү жана башкалар жеткиликтүү болуп турду. Жарманкедеги атайын сунуш Mastercard карталарынын ээлери үчүн   – арзандатуулар жана пайдалуу сунуштар бар болгон.

Ийгиликтүү ишке ашырылган дагы башка масштабдуу долбоор – Black Friday урматына уюштурулган акция болду. Бир ай ичинде кыргызстандыктар DemirBankтын Mastercard кредиттик карталары менен 0% бөлүп бөлүп, пайдалуу сатып алууларды жүргүзө алышты. Сунуш декабрь айынын ичинде банктын 500дөн ашык өнөктөштөрүнүн тармагында, алардын ичинде кийим-кече, тиричилик техникасы, эмерек ж.б. ири дүкөндөр тармагында күчүндө болгон.

ДемирБанк Кыргызстандагы MasterCard эл аралык төлөм системасынын Принципиалдуу мүчөсү болгон алгачкы коммерциялык банктардын бири экенин белгилеп кеткибиз келет. 2011-жылы эле Банк Эл аралык системанын мүчөсү болуп, өлкөдөгү финансы секторун активдүү өнүктүргөн. Мындан ары Банк өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнү жана өз кардарларына ыңгайлуу болушу үчүн кызыктуу долбоорлорду киргизүүнү дагы уланта берет.