Новости членов AmCham

DemirBank Кара-Көл ГЭСинин курулушун 17,5 миллион долларга каржылайт

DemirBank өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында  Кара-Көл гидроэлектрстанциясын курууга 17,5 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестициялык насыя берди жана Каржы Министирлигине караштуу Каржы-насыя Фонду менен кепилдик келишимин түздү, ошонун негизинде Фонд жогоруда көрсөтүлгөн сумманын чегинде инвестициялык насыянын төлөмдөрү боюнча гарант катары роль аткарат.

DemirBankтын башкы менеджери  Шевки Л.Сарылар менен Каржы-насыя Фондунун төрагасы  Элдияр Доолбековдун  Келишимге кол койгону 26-июлда салтанаттуу түрдө белгиленди.

Башкы менеджер  Шевки Л.Сарылардын айтымында, DemirBank үчүн бул ­- аябай маанилүү долбоор. Бул долбоор ишке аша турган болсо, Кыргызстандын энергетика тармагында көз карандысыз болушуна дагы бир кадам жасалган болот.

«Бүгүн биз 17,5 миллион доллар жумшала турган абдан чоң долбоорго кол койдук. Учурда өлкөбүздө энергиянын жетишсиздиги күч алып жаткандыгына жана энергияны сарптоочулардын улам өсүп жатканына байланыштуу, биз бул долбоорду колдоо өтө маанилүү деп эсептейбиз. Кыргызстан – табигый ресурстарга бай өлкө жана өнүгүү потенциалы чоң. Биз өлкөбүз үчун абдан маанилүү болгон Кара-Көл ГЭСинин курулушуна байланыштуу ушул долбооорго өз салымыбызды кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз», – деди ал.

Ш.Л.Сарылар DemirBankы Каржы-насыя Фонду менен ушундай келишимди түзүп жаткан эң биринчи коммерциялык банк экенин баса белгилеп өттү. Банк, өз кезегинде, мамлекетибиздин экономикалык жактан өркүндөп-өсүшүнө жана энергетикалык тармакта көз карандысыз болушуна багытталган ыкмаларды жигердүүлүк менен колдойт.

Кошумчалай кетсек, DemirBank – бул социалдык жоопкерчилиги бар банк. Анын артыкчылыктуу тапшырмаларынын бири болуп Кыргызстандын тургундарынын жыргалчылыгына шарт түзүү жана өлкөнүн экономикасынын өсүшүн колдоо болуп саналат. Өзүнүн 27 жылдык тарыхында өлкөнүн экономика секторундагы көрүнүктүү долбоорлорго чоң колдоо көрсөтүп келген, аларга: туризм, айыл чарба, курулуш, соода-сатык жана башка тармактар кирет.