DemirBank Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) менен өнөктөштүктө Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести каржылоого багытталган, анын ичинде айымдын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө басым жасалган 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү долбоорду ишке киргизүүдө.
Долбоордун максаты — айыл жерлеринде жетишсиз тейленген чакан жана орто ишканалар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү. Долбоорго ылайык, каражаттын кеминде 25%ы аялдарга таандык болгон бизнести колдоого багытталат, бул эки уюмдун тең инклюзивдүү өсүү принциптерине берилгендигин билдирет.
DemirBankтын Башкы менеджери Шевки Л. Сарылар белгилегендей, бул долбоорду ишке ашыруу банктын кыргызстандыктарга жеткиликтүү каржылоону камсыз кылуу миссиясына берилгендигин дагы бир жолу тастыктайт, өзгөчө ишкер айымдарды колдоого жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасалат.
«Биздин максат — чакан ишканалардын, айрыкча айымдарга таандык болгон ишканалардын өсүшүнө жана гүлдөшүнө улуттук валютада узак мөөнөттүү каржылоону камсыз кылуу аркылуу көмөктөшүү. Бул өз кезегинде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзөт», – деп баса белгиледи Шевки Л.Сарылар.
Өз кезегинде IFC белгилегендей, долбоор Борбор Азия аймагында каржылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталган стратегиялык багытты көрсөтөт.
«Бул долбоор Кыргыз Республикасында экономикалык туруктуулукту жогорулатуу жана каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча аракеттерибизди колдойт — бул IFCнын Борбор Азиядагы артыкчылыктуу багыттарынын бири», — деп белгиледи Ален Ноуке, IFCнын Борбор Азия жана Түркиядагы каржы институттары боюнча аймактык тармактык менеджери.
«IFCнын бул долбоорго катышуусу башка инвесторлор үчүн позитивдүү сигнал болуп саналат жана алардын ушундай эле демилгелерге болгон кызыгуусун арттырышы мүмкүн», — деп кошумчалады ал.
Эксперттердин баалоосу боюнча, долбоорду ишке ашыруу 1200дөн 2000ге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, бул Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө олуттуу салым кошот.
IFC менен DemirBankтын өнөктөштүгү Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (IDA Private Sector Window) Жеке сектор терезесинин алкагындагы жергиликтүү валюта механизминин колдоосу менен ишке ашырылууда. Бул демилге IFCнын Кыргыз Республикасында жеке секторду колдоо жана туруктуу өнүгүүнү стимулдаштыруу боюнча кеңири стратегиясынын бир бөлүгү болуп саналат.
Маалымкат:
DemirBank – 1997-жылы негизделген Кыргыз Республикасындагы биринчи эл аралык коммерциялык банк. Бүгүнкү күндө каржы институту республиканын банк системасында алдыңкы орундардын бирин ээлеп, жогорку деңгээлде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштайт. Чейрек кылымдан ашык убакыттын ичинде банк ондогон ири долбоорлорду ишке ашырды, алар бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.
Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) – Дүйнөлүк банктын структурасына кирген эл аралык каржы институту. 1965-жылы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жеке инвестициялардын туруктуу агымын камсыз кылуу максатында түзүлгөн. Кыргыз Республикасы Эл аралык каржы корпорациясына (IFC) 1993-жылы кирип, уставдык капиталдын 0,07% ээлик кылат. IFCнын Кыргыз Республикасындагы артыкчылыктуу багыты өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатында жеке секторду өнүктүрүүгө жана диверсификациялоого колдоо көрсөтүү болуп саналат.
