
AmCham-Кыргызстан мүчө компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана продукцияларын илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча түзүп берет. AmCham Дисконттук программасына катышуу Палатага мүчө компаниялардын арасында кросс-маркетингдин эффективдүү аспабы болуп эсептелет. Ал дисконттук картанын ээлерине Палатанын мүчөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жана продукциясына эксклюзивдүү жеңилдиктерди берет.
Палатанын ар бир мүчөсү мүчөлүктүн категориясына жараша белгилүү бир сандагы дисконттук картага ээ болот:
- А категориясы – 3 (үч) дисконттук карта;
- В категориясы – 2 (эки) дисконттук карта;
- С категориясы – 1 (бир) дисконттук карта.