Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасынын (AmCham) аткаруучу директору Алтынай Асанова Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин директору Авaзбек Атаханов мырза менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Палата менен мамлекеттик органдардын ортосундагы учурдагы кызматташтыкты, ошондой эле бизнес коомчулугу менен мамлекеттик сектордун ортосундагы диалогду бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Өзгөчө көңүл эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, экономикалык дипломатияны колдоого жана Кыргыз Республикасында инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө бурулду.
AmCham туруктуу экономикалык өсүштү жана эл аралык бизнес кызматташтыгын өнүктүрүү максатында жеке сектор менен мамлекеттик институттардын ортосундагы конструктивдүү диалогду колдоону улантат.
