2024-жылдын 9-февралында Америкалык Соода палатасынын мүчөлөрү үчүн АКШнын санкцияларына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр боюнча брифинг өткөрүлдү. Иш-чара дүйнөлүк экономикада олуттуу роль ойногон санкциялар жаатындагы маанилүү маселелерди талкуулоо жана чечүү үчүн ачык аянтча түзүүгө арналды.
Брент Бейер, АКШ элчилигинин саясий жана экономикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары, санкциялар саясатындагы акыркы өзгөрүүлөр жана алардын бизнес коомчулугуна тийгизген таасири тууралуу маалымат менен бөлүштү. Брифингдин катышуучулары жигердүү баарлашып, суроолорун берип, өз ойлорун айтышты. Бул ачык диалогдун жана пикир алмашуунун атмосферасын тузду. Суроолор санкциялардын өзгөрүшүнө гана эмес, алардын бизнес жана жалпы экономика үчүн мүмкүн болуучу кесепеттери тууралуу да козголду.
Брифинг актуалдуу маалыматтын булагы гана болбостон, Америкалык Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрүнүн арасында санкциялар маселелери боюнча так түшүнүктү түзүүгө жардам берген тажрыйба жана пикир алмашуу аянтчасы болуп калды.



