Новости Палаты

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-эртең мененки жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-эртең мененки жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү 2025-жылдын 31-декабрындагы №262 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен киргизилген салык мыйзамдарындагы негизги өзгөрүүлөргө сереп берип, аларды колдонуу боюнча практикалык түшүндүрмөлөрдү сунушташты.

Иш-чаранын катышуучулары, Палатанын мүчөлөрү, презентация менен таанышып, кызыктырган суроолорун берип, салык жөнгө салуудагы актуалдуу маселелерди ачык жана конструктивдүү диалог форматында талкуулашты.

Америка соода палатасы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө жана Палатанын мүчөлөрүнө активдүү катышуусу жана мазмундуу талкуу үчүн ыраазычылык билдирет.