2024-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек Каныбековичтин катышуусунда Бизнес таңкы тамактануусу өткөрүлдү. Иш-чарага Америкалык Соода палатасынын (AmCham) мүчө-компанияларынын товарларды жана кызматтарды өндүрүү, курулуш, банк иши, билим берүү, медицина, логистика, камсыздандыруу жана башка тармактардагы өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун максаты салык чөйрөсү жана анын ишкердик активдүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча суроолорун, сунуштарын жана көйгөйлүү маселелерин билдирүү максатында Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги менен түз диалогду жүргүзүү болду.
«DOS Network Consultancy and Services KG» компаниясынын башкы директору Шахида Нурхаджиева Салык кызматы менен болгон жолугушууну жогору баалады:
«Салык кызматы, мамлекеттик органдар менен мындай жолугушуулар бизнес үчүн абдан пайдалуу, анткени бизнес секторун түшүнүү менен мамлекеттик сектордун ортосунда чоң ажырым бар. Биз баарыбыз өз ара аракеттенүүнү, чогуу иштешүүнү жана ачык-айкын болууну каалайбыз, бирок түшүнүшүүдө бул боштук бар жана ушуга окшогон жолугушуулар аны толтурууга жана байланышыбызды жылмакай кылууга жардам берет».
Америкалык Соода палатасынын мүчөлөрү жана өнөктөштөрү талкууга активдүү катышып, Төрагага жана анын орун басарына кызыктырган суроолорду беришти, анын ичинде санариптештирүү, маалыматтарды коргоо, салык кодексиндеги акыркы өзгөртүүлөрдү колдонуу, санариптик маркировкалоо, камсыздандыруунун түрлөрү боюнча , кассалык машиналарды башкаруу маселелери, ЭЭФ жана ЭТТК, ошондой эле кызматташуунун келечеги.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы Абдувапов Алтынбек Каныбековичтин төрагалыгы алдында башкарууну өркүндөтүү боюнча жакшы ийгиликтерге жетишүүдө, бул тууралуу төрага менен болгон баарлашууда кеңири айтылды. Ал бардык суроолорго кеңири жооп берип, кызматтын учурдагы аракеттерине токтолду.
Тактап айтканда, Абдувапов мырза 2023-жылы Мамлекеттик салык кызматы бизнестин олуттуу бөлүгүн “көмүскөдөн” алып чыга алганын, бул олуттуу жетишкендик экенин баса белгиледи. Ал ошондой эле текшерүүлөргө мораторий киргизилгенин жарыялап, келечекте камералдык текшерүүгө өтүү пландарын ачыктады, бул өз кезегинде ишкерлер менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүнү убада кылды.
Алдыдагы стратегиялардын контекстинде Абдувапов камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын 27,25%дан 12-14%га чейин төмөндөтүү ниети тууралуу маалымат менен бөлүштү, анын айтымында, бул киреше салыгын башкарууну жакшыртууга жардам берет. Ал ак ниет ишкерлерге салык милдеттенмелерин өз убагында аткаргандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, учурдагы салык системасындагы мүмкүн болуучу катачылыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.
Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын Президенти Гүлнара Ускенбаева төраганын салык жүгүн азайтуу боюнча билдирүүсүн жогору баалады:
«Төраганын үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта социалдык чегерүүлөрдүн олуттуу кыскарышы. Бул эмгек акыны мурда кандайдыр бир жол менен жаап-жашырылып келген айрым тармактардын кызматкерлеринин эмгек акысына чейин жеткирууге мумкундук берет деп ойлоймун».
Төрага маекти өлкөдөгү салыктык башкарууну чыңдоо боюнча чараларды ишке ашырууда кызматташуусу жана колдоосу үчүн бизнес-коомчулукка ыраазычылык менен жыйынтыктады.
Бизнес таңкы тамактануудан кийин катышуучулардын көпчүлүгү уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, мындай форматтагы жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү каалоолорун билдиришти.
«Coca-Cola Bishkek Bottlers» ЖАКтын башкы бухгалтери Елена Кадырова иш-чараны уюштурганына ыраазычылыгын билдирди:
“Мен бул иш-чараны уюштуруп, Салык кызматынын өкүлдөрүнө түздөн-түз суроолорду берип, баалуу жоопторду ала турган аянтчада сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бергениңерге ыраазымын.”
Америкалык соода палатасы тарабынан уюштурулган иш-чара конструктивдүү диалог жана пикир алмашуу аянтчасы гана болбостон, салык системасынын ар кандай аспектилери боюнча катышуучулардын сунуштары үчүн аянтча болуп калды.










