Новости Палаты

AmChamдын мүчө компаниялары менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын ортосундагы жумушчу жолугушуу

2023-жылдын 15-сентябрында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен “Диалог аркылуу бизнести өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо” долбоорунун алкагында Американын Соода палатасына мүчө компаниялар менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү.

Бул иш-чарага товарларды өндүрүү, кызмат көрсөтүү, курулуш, банктар, билим берүү, логистика, камсыздандыруу, МКТ жана башка тармактардагы AmCham мүчө компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги салыктык башкаруу тармагындагы маанилүү маселелерди чечүү үчүн чогулушту.

Жолугушууда электрондук эсеп-фактураларга (ЭСФ) жана электрондук коштомо кагазына тиешелүү темалар, анын ичинде алардын мүмкүн болгон унификациясы жана аларды башкарууну жөнөкөйлөтүү үчүн мыйзамдарга келе турган өзгөртүүлөр активдүү талкууланды.

Катышуучулар ошондой эле акциздик маркалар жана товарларды маркировкалоо, электрондук эсеп-фактуралар жана электрондук коштомо кагазы боюнча отчеттуулук, санариптик кызмат көрсөтүүлөр боюнча МСК жана камералдуу аудит боюнча маселелерди көтөрүштү. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Умтулов Нурлан Джумалиевич бардык суроолорго кеңири жооп берип, администрациялоону, санариптик платформаны, маалыматтарды сактоо системасын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Кошумчалай кетсек, эгер жаңы мыйзам долбоору парламент тарабынан кабыл алынып, президент кол койсо, ЭСФ алмаштыруучу документтерге байланыштуу процесстин жөнөкөйлөштүрүлүшүн күтүүгө болот деп белгиленди.

Жолугушуунун соңунда эки тарап мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин баса белгилешти. Америкалык соода палатасынын мүчөлөрү бул иш-чарага ыраазычылык билдирип, мындан ары да ушул эле форматтагы жолугушууларды улантуу каалоолорун билдиришти.

Кыргызстандагы АКШнын элчилиги каржылаган жана Кыргыз Республикасындагы Америкалык соода палатасы тарабынан ишке ашырылып жаткан “Диалог аркылуу бизнести өнүктүрүү жана ишкердикти колдоо” долбоору мамлекеттик-жеке диалог үчүн аянтчаны камсыз кылуу аркылуу бизнести жана ишкерлерди кеңейтүүгө багытталган.