Урматтуу Американын Соода палатасынын мүчөлөрү,
Палатанын жамааты сизди кызыктырышы мүмкүн болгон февраль айындагы окуялар менен бөлүшүүгө кубанычта.
• 1-февралда Палатанын мүчөлөрү жана өнөктөштөрүнүн арасында AmCham Quiz Night кызыктуу интеллектуалдык оюну өтөт. Бул викторина эрудицияны өнүктүрүү, билимди кеңейтүү, биримдикти жайылтуу жана корпоративдик духту бекемдөө максатында иштелип чыккан. Сизди кызыктуу суроолор, толкундануу, жаңы таанышуулар жана укмуштуудай атмосфера күтөт!
• Февраль айында АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен Ишкер Аялдар Академиясы (AWE) долбоорунун алкагында ишкер аялдарга арналган тренинг өткөрөбүз (тема кийинчерээк жарыяланат).
• Ошондой эле февраль айында палатанын жылдык мүчөлөрүнүн боулинг боюнча турнири болот. Бул турнир биримдикти сактоого жана корпоративдик духту бекемдөөгө багытталган.
• Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода палатасы Кыргыз Республикасынын Салык кызматы менен биргеликте салык мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү презентациялоо менен жолугушууну, ошондой эле башка актуалдуу маселелерди талкуулоону пландаштырууда.
*Окуялардын программасы күтүлбөгөн жагдайларга жараша өзгөрүшү мүмкүн.
Сиздерди биздин иш-чараларда көрөбүз деп үмүттөнөбүз!
