Новости Палаты

B5+1 форум биринчи кун

Бишкек шаарында өткөн B5+1 форумунун биринчи күнү аймактык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө жеке сектордун негизги ролун баса белгиледи.

Биринчи күндүн программасы форумдун расмий ачылышы жана төмөнкү спикерлердин куттуктоо сөздөрү менен башталды:
🔹Абдулвахаб Алькебси, Center for International Private Enterprise (CIPE) уюмунун программалар боюнча башкаруучу директору;
🔹Данияр Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;
🔹Элчи Серхио Гор, АКШнын Түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү.

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү куттуктоо сөздөрү менен чыгып, аймактык өз ара аракеттенүүнүн, инвестициялык кызматташтыктын жана АКШ менен Борбор Азиянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун артыкчылыктуу багыттарын белгилешти.

Ачылыш сессиясы форумдун стратегиялык багытын аныктап, региондун туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылууда мамлекет менен бизнестин ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн негизги фактор катары белгиледи.