2024-жылдын 29-февралында Америкалык Соода палатасы менен Жеткирүүчүлөрдүн (Өндүрүүчүлөр жана Дистрибьюторлор) Ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
Меморандумга жеткирүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева кол койду. Америкалык соода палатасынын атынан Меморандумга Аткаруучу директор Айсулуу Сыдыгалиева кол койду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен кызматташуунун келечегин талкуулашты, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн айтышты жана эки ассоциациянын ортосундагы байланышты сактоо, анын ичинде биргелешкен жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү зарылдыгын баса белгилешти.
Америкалык Соода палатасы ишенимиңиз үчүн ыраазычылык билдирет жана мындан ары да жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөт.