Новости Палаты

Calendar of Upcoming AmCham Events 2024

Ураматтуу Америкалык соода палатасынын мүчөлөрү!

Биз Палатанын 2024-жылга карата боло-турганы иш-чаралардын календарын тартуулоого кубанычтабыз. Бул жылы сиз ишкердик байланыштарды жана достукту бекемдөө, билимди байылтуу үчүн сонун жана ар түрдүү окуялар таба аласыз.

Жылдык жана салттуу иш-чаралар AmCham Quiz Night, корпоративдик турлар, нетворкинг-иш-чаралар CEO Night жана BOD Networking Night сыяктуу иш-чаралар тажрыйба алмашууга, билимди тереңдетүүгө жана бизнесте жаңы байланыштарды түзүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк болот. Боулинг боюнча турнир жана кичи-футбол боюнча кайрымдуулук турнири сыяктуу спорттук иш-чараларга катышууга чыкарабыз. Бул иш-чараларда сиз профессионалдык жөндөмүңүздү көргөзө аласыз жана командалык рухуңузду бекемдей аласыз.

Айрыкча быйыл Экономика жана коммерция министрлиги, Каржы министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы сыяктуу мамлекеттик органдар менен маанилүү жолугушуулар болот. Бул иш-чаралар бизнес-чөйрөгө жана экономиканы өнүктүрүүгө тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоого, ошондой эле сиздердин суроолорго жооп алууга мүмкүндүк берет.

2024-жыл сизди билим жана бизнес маселелерин гана эмес, жаңы жана кызыктуу мүмкүнчүлүктөрдү ачууга чакырат. Семинарлар, мастер-класстар, бизнес-тамактануулар жана башка иш-чаралар сиздин квалификацияны жогорулатууга жана тажрыйба алмашууга багыттылган иш-чаралар өтөт.
АКШдагы бизнес турларга катышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү колдон чыгарбаңыз. 2024 жылдын 9-17 апрелинде Сан-Франциско жана Чикаго, андан кийин 21-30 июнуна чейин Вашингтонго, аймак Колумбия жана Нью-Йоркко саякатка бара аласыз. Бул турлар бизнес ээлерине жана топ-менеджерлерге алдыңкы билимдер, инновациялар жана америкалык компаниялардын иштөө принциптери менен таанышууга, ошондой эле өнөктөштүк долбоорлорду курууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Акыркы аккорд “AmCham GALA 2024”- палатанын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жолугушуусу болот.

Биз сиздер менен ушул кызыктуу окуяларда жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз, бизнес кызыкчылыктарыбызды илгерилетип, достук маанайда кайталангыс көз ирмемдерди жаратабыз. Биз менен болгула, сонун жана эсте калган 2024-жылды кылалы!