Новости Палаты

Америкалык Соода палатасы өзүнүн мүчөлөрүнүн арасында “Aitim Group” ЖЧКсы кабыл алат

Америкалык Соода палатасы өзүнүн мүчөлөрүнүн арасында “Aitim Group” ЖЧКсы кабыл алат.

“Aitim Group” ЖЧКсы – Кыргызстандын Бишкек шаарында жайгашкан консалтинг агенттиги.
Башкы кеңсеси Чикагодо, Иллинойс штатында, 2015-жылы негизделген. Команданын Чикагодо топтогон тажрыйбасынын баары акырындык менен Бишкектеги кеңсеге өткөрүлүп берилүүдө. Компания Кыргызстанда 4 жылдан бери иштейт.

Компания Америка Кошмо Штаттарынын рыногуна өзгөчө көңүл буруу менен жогорку сапаттагы транспорттук консалтинг кызматтарын көрсөтүүгө адистешкен. “Aitim Group” биздин кардарларыбызды жүк ташуучу бизнесинин операциялык ишмердүүлүгү менен толук камсыз кылууга мүмкүндүк берген кызматтардын чоң спектрине ээ. 500ден ашык ишкана азыртан эле кызмат көрсөтуп, өз ишканаларынын ишин бир кыйла жакшыртышты. Кардар базасы өсүүдө жана күн сайын жаңы суроо-талаптар келип түшүүдө. “Айтим Групптун” профессионалдары эң жогорку сапаттагы жана жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн рынок шарттарына тынымсыз ыңгайлашууда.

“Aitim Group” Чикагодо жана Бишкекте коомдук иш-чаралардын активдүү катышуучусу болуп саналат.

KAADLS (Кыргыз-Америкалык логистикалык кызматтарды өнүктүрүү ассоциациясы) негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат жана жакында Жогорку технологиялар паркына кошулган.

“Aitim Group” үчүн бүтүндөй тармакты өнүктүрүү, дайыма жаңы технологияларды, чечимдерди издөө, ошондой эле бардык кызматтардын сапатын жогорулатуу өзгөчө маанилүү.
Негизги артыкчылыктары:
– транспорт секторун жана анын АКШ рыногундагы нюанстарын терең түшүнүү,
– көп жылдык тажрыйбасы бар квалификациялуу эксперттер,
– ар бир кардарга жана алардын муктаждыктарына жекече мамиле жасоо,
– тармактык мыйзамдарга жана стандарттарга ылайык келүү,
– көйгөйлөрдү чечүү жана бизнес процессин оптималдаштыруу боюнча консультация берүү.

AmChamга кош келиңиз!