Новости Палаты

AmCham Kyrgyzstan Квиз найт

2026-жылдын 24-июнда жылдын эң күтүлгөн иш-чараларынын бири — жыл сайын өткөрүлүүчү AmCham Quiz Night интеллектуалдык таймашы болуп өттү! 🔥

Америка соода палатасынын мүчө компанияларын өкүлдүк кылган 22 команда бир жерге чогулуп, достук атаандаштыкка, билим алмашууга жана жагымдуу маанайга толгон кечени өткөрүштү.

Жети кызыктуу турдун жүрүшүндө катышуучулар жеңиш үчүн гана эмес, өздөрүнүн терең билимдерин, командадагы биримдикти жана ынтымагын да көрсөтүштү. Кече кубанычка, күлкүгө жана эстен кеткис көз ирмемдерге бай болду!

🏆 Жыйынтыктар:
🥉 3-орун — Food Dream 
🥈 2-орун — Demir Bank
🥇 1-орун — Bakai Bank 

Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана бардык командаларга активдүү катышуусу, шыктануусу жана мыкты оюну үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз! 

Мындай кызыктуу жана жандуу кечени мыкты деңгээлде өткөрүп берген «Quiz, Please!» командасына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. 

Кийинки AmCham иш-чараларында кайрадан жолугушканга чейин!