Азия Өнүктүрүү Банкы Азиянын Global Trade Review (Глобалдык Сооданы Карап чыгуу) (GTR) конференциясынын жүрүшүндө DemirBankты Кыргызстандагы алдыңкы өнөктөш банк катары тааныды. Сыйлык тапшыруу аземи 3-сентябрда Сингапурда өттү.
Бул сооданы жана камсыздоону каржылоо программасынын (TSCFP) өнөктөштөрүнө сыйлык ыйгаруу боюнча жыл сайын өткөрүлгөн 10-азем. Сыйлыктар Азия-Тынч океан аймагындагы сооданы колдоого кошкон салымы үчүн алдыңкы өнөктөш-банктарга тапшырылды.
Башкы менеджер Шевки Л. Сарылардын айтымына караганда, банк көптөгөн жылдардан бери сооданы каржылоо тармагында өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп келатат жана соода процедураларын жөнөкөйлөтүү боюнча эл аралык каржы институттары тарабынан иштелип чыккан ар кандай программаларга, анын ичинде АБР Программасына да катышып келет.
«Биз DemirBankтын эл аралык коомчулукта жогорку рейтингин тастыктаган мындай чоң сыйлык ыйгарылганына абдан кубанып турабыз. Азия өнүктүрүү банкына бизге ушул Программага катышууга мүмкүнчүлук бергени үчүн ыраазычылык билдиргибиз келет», – деди башкы менеджер Ш.Сарылар.
Белгилей кетчу нерсе, Global Trade Review Азияда сооданы каржылоо боюнча алдыңкы конференция болуп саналат жана TSCFP иштеген өлкөлөрдөгү өнөктөш-банктардын 200 өкүлүн конференцияга катышууга чогулткан.
