Новости членов AmCham

DemirBank тиркемеси аркылуу Qr-код боюнча төлөө – тез, ыңгайлуу жана коопсуз

Сиз сүйүктүү дүкөнңүзгө кирип, кассага келгене банк картасын унутуп калганыңызды байкадыңыз, ал эми накталай акчаңыз жетпей калды? Сизди сатып алуусуз коё бербөө үчүн сатуучу сизге атаандаш жоду сунуштайт -Qr-код боюнча төлөм жүргүзүү. DemirBank  банкк картасы жаыңызда жок болгон учурда канткенде тез, оңойтөлөсө болоорун айтып берет.

Qr-төлөмдөр – бул эки баскычтуу штрих-код, ал товар же кызмат үчүн төлөө  жүргүзүү үчүн зарыл болгон төлөм туурасындагы маалыматтарды камтыйт.  Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул накталай эмес акы төлөөнүн бир ыкмасы, анда сатуучуга терминал, сатып алуучуга капта керек эмес. Төлөм операциясы DemirBank уюлдук тиркемеси аркылуу смартфондун жардамы менен жүгүзүлөт. Бул технологиянын аркасында сиз азык-түлүк сатып алуудан баштап ресторан кызматтарына чейин жана башкаларга чейин каалаган сатып алууларды жана кызматтарды жасай аласыз.

DemirBank тиркемеси аркылуу төлөө ыңгайлуу болгонунун 3 себеби

Бир нече секунданын ичинде төлөм. Сиз жөн гана QR кодун сканерлеп, мобилдик тиркемеде төлөм суммасын киргизишиңиз керек. Телефон QR кодун окуйт, акча которуу ошол замат ишке ашат, бул телефон номерин же картаны колдонуу менен которууга караганда алда канча тезирээк.

QR аркылуу төлөө сизде смартфондун кайсы моделине карабастан, бардыгына жеткиликтүү. Эң негизгиси DemirBank мобилдик тиркемесинин болушу.

Жогорку коопсуздук. Эгер Сиз биздин банктык тиркеме орнотулган телефонуңузду жоготуп алсаңыз,  ниети бузуктар  акчаңызды оңой ала алышпайт.  DemirBank  сиздин каржы маселесине кам көрүп, биометрикалык аутентификациянын 2 түрүн сунуштайт – Face-ID/ Touch-ID.

Дагы бир маанилүү жагдай – DemirBank тын  кардарлары штрих-код аркылуу төлөмдөрдү гана жүргүзбөстөн, банкоматтарда акча каражаттарын накталай же толуктай алышат.  Башка ондогон карталардын жана визиттик карталардын ичинен капчыгыңыздан банк картасын издөөнүн кажети жок, ошондой эле банкоматта картаңызды унутуп калуудан коркуунун кереги жок, жөн гана смартфонуңуздун камерасын QR-кодго багыттаңыз жана зарыл операцияны жүргүзүү.

QR коду менен 2 төлөм варианты

Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн ДемирБанк штрих-код менен төлөмдүн 2 ыкмасын сунуштайт:

1-вариант. Мобилдик банкингге кирүү менен. Негизги экрандын ылдый жагында QR белгиси  бар. Сиз ал белгиге кирип туруп, керектүү штрих-кодду сканерлеңиз.

2-вариант. Телефонуңуздун камерасын колдонуп, сунушталган QR кодду көрсөтүп, андан соң DemirBank мобилдик тиркемесине өтүңүз. Андан кийин, которуунун суммасын киргизип, транзакцияны ырастаңыз.

Белгилей кетчү нерсе, жакында DemirBank өзүнүн мобилдик тиркемесин жаңыртып, аны ого бетер ыңгайлуу жана функционалдык кылып койду. DemirBank  мобилдик банкингиндеги жаңы түстөр, ыңгайлуу интерфейс жана андан да көп мүмкүнчүлүктөр.

Тиркеменин жаңыланган версиясын жүктөп алыңыз жана смартфонуңузда толук кандуу банкингдин функцияларын колдонуңуз.

  DemirBank   уюлдук банкингинин жаңыланган версиясы   Google Play, ошондой эле  App Store дүкөндөрүндө жеткиликтүү.