2023-жылдын 20-сентябрында АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу жана Кыргыз Республикасындагы Америка Соода Палатасы тарабынан уюштурулган «Ишкер Аялдар Академиясы» (AWE) долбоорунун алкагында ишкер аялдар каржылык сабаттуулук боюнча FINCA Банк ЖАК тарабынан өткөрүлгөн тренингине катышышты.
Тренингди FINCA Банкынын окутуу жана кадрларды өнүктүрүү бөлүмүнүн тренери Жылдыз Базаркулова өткөрдү.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар баалуу финансылык көндүмдөрдү, анын ичинде бюджетти түзүү, үнөмдөө, инвестициялоо, үнөмдөө ыкмаларын үйрөнүштү, ошондой эле төлөм системаларынын коопсуздугу жана жеке каржыны эффективдүү башкаруу жөнүндө маалымат алышты.
Ошондой эле катышуучулар акча сактоонун ар кандай жолдору, депозиттик эсепти ачуу процесси жана үзгүлтүксүз акча топтоо, мисалы ай сайындагы кирешесинен 10% үнөмдөө убакыттын өтүшү менен олуттуу каржылык топтоого алып келери менен тааныштырылды.
Тренингдин максаты – ишкер аялдардын жана потенциалдуу ишкерлердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болду.
Катышуучулар дискуссияларга жигердүү катышып, финансылык көйгөйлөрдү талкуулашты жана мүмкүн болгон чечимдерди изилдешти.
Америкалык Соода палатасы FINCA Банк ЖАКка Кыргызстандагы ишкер аялдарды жемиштүү окутуу жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.
#АкадемиясыИшкераялдарүчүн #AWEKyrgyzstan #БизнестегиАялдардыКолдоо #USEmbassyKG








