Палатанын комитеттери

Самат Ниязбеков

Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын Адам ресурстарын башкаруу боюнча комитетинин төрагасы, «Компаньон Банк» ЖАКтын Персонал менен иштөө жана административдик колдоо боюнча директору.

Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын Адам ресурстарын башкаруу боюнча комитети

Комитет адам ресурстарын башкаруу (мындан ары – HR) тармагындагы адистердин, бизнес өкүлдөрүнүн жана эксперттердин күч-аракеттерин бириктирүү, ошондой эле адам ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктарды биргелешип талкуулоо жана алар боюнча чечимдерди иштеп чыгуу максатында түзүлөт.

Комитет төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

  • Персоналды башкаруу чөйрөсүнүн учурдагы абалы жана өнүгүү тенденциялары боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
  • HR тармагындагы актуалдуу маселелер боюнча сурамжылоолорду, изилдөөлөрдү жана эксперттик баалоолорду жүргүзүү;
  • HR чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгуу;
  • HR практикалары, мыйзамдар жана уюштуруучулук өнүгүү маселелери боюнча коомчулуктун катышуучуларына жана тышкы өнөктөштөргө консультация берүү;
  • HR коомчулугунун, бизнес өкүлдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин жана мамлекеттик органдардын ортосунда диалогду камсыз кылуу;
  • HR практикалары боюнча усулдук материалдарды, кейстерди, шаблондорду жана стандарттарды даярдоо;
  • Кесиптик HR коомчулугун өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди иштеп чыгуу жана алдыга жылдыруу.

Кубанычбек Закенаев

 

Инновациялар, санариптик жана маалыматтык технологиялар боюнча комитеттин төрагасы, «Дос-Кредобанк» ААКнын Маалыматтык коопсуздук департаментинин директору.

Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын Инновациялар, санариптик жана маалыматтык технологиялар боюнча комитети.

Комитет санариптик жана маалыматтык технологияларды түшүнүүгө жана жайылтууга көмөктөшүү, мамлекеттик жөнгө салуучу органдар менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу боюнча үзгүлтүксүз окутууларды өткөрүү максатында түзүлөт.

Комитет төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

  • Санариптештирүүнүн, инновациялык ишмердүүлүктүн жана технологиялык өнүгүүнүн учурдагы абалы жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
  • Санариптик трансформация жана инновациялар боюнча сурамжылоолорду, изилдөөлөрдү, тегерек столдорду жана эксперттик талкууларды өткөрүү;
  • Инновациялар жана санариптештирүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук жана институционалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө багытталган сунуштарды жана рекомендацияларды системалуу мамиленин негизинде даярдоо, анын ичинде технологиялардын, башкаруу процесстеринин, адам факторунун, тобокелдиктердин жана санариптик чечимдерди киргизүүнүн мүмкүн болуучу кесепеттеринин өз ара байланышын эске алуу;
  • Санариптештирүү жана инновациялык өнүгүү маселелери боюнча бизнес, мамлекеттик органдар жана тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
  • Санариптештирүү жана инновациялар жаатында усулдук материалдарды, аналитикалык баяндамаларды, кейстерди жана түшүндүрмөлөрдү даярдоо;
  • Инновациялык чөйрөнү өнүктүрүүгө, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана заманбап санариптик практикаларды жайылтууга багытталган демилгелерди иштеп чыгуу жана алдыга жылдыруу, ошондой эле коомдун, бизнестин жана мамлекеттик органдардын санариптик кызматтарга жана чечимдерге болгон ишенимине негизделген туруктуу, жоопкерчиликтүү жана коопсуз санариптик трансформация үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү.

Гульнара Сатыбалдиева

Салык жана бажы маселелери боюнча комитеттин төрайымы, Baker Tilly компаниясынын МСФО боюнча консалтинг өнөктөшү.

Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын Салык жана бажы маселелери боюнча комитети

Комитет бизнес өкүлдөрүнүн, салык салуу жана бажылык жөнгө салуу тармагындагы эксперттердин жана адистердин күч-аракеттерин бириктирүү, актуалдуу чакырыктарды биргелешип талкуулоо, салык жана бажы маселелери боюнча сунуштарды жана демилгелерди иштеп чыгуу, ошондой эле жагымдуу бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында түзүлөт.

Комитет төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

  • Салыктык жана бажылык администрациялоонун учурдагы абалы, ошондой эле бул чөйрөдөгү негизги тенденциялар жана өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо;
  • Салык салуу жана бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча сурамжылоолорду, изилдөөлөрдү жана эксперттик талкууларды өткөрүү;
  • Салык жана бажы чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштарды жана рекомендацияларды иштеп чыгуу;
  • Салык жана бажы мыйзамдарын колдонуу, ошондой эле аларды ишке ашыруу практикасы боюнча коомчулуктун катышуучуларына жана тышкы өнөктөштөргө консультация берүү;
  • Бизнес өкүлдөрүнүн, салык жана бажы органдарынын, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда конструктивдүү диалогду камсыз кылуу;
  • Салык салуу жана бажылык администрациялоо маселелери боюнча усулдук материалдарды, аналитикалык баяндамаларды, кейстерди жана түшүндүрмөлөрдү даярдоо;
  • Салыктык жана бажылык чөйрөнү жакшыртууга, административдик тоскоолдуктарды азайтууга жана бизнести жүргүзүүнүн ачык-айкын эрежелерин өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди иштеп чыгуу жана алдыга жылдыруу.