Суроолор жана жооптор

AmCham тууралуу маалымат
AmCham – бул иш алып барган өлкөдөгү бизнес чөйрөнү өнүктүрүүгө умтулган коммерциялык эмес эл аралык бизнес-ассоциация. Уюм Кыргызстанда 1997-жылдан бери иш жүргүзүп келатат жана бул мезгил аралыгында бир катар ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыра алды. Соода Палатасы бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү үчүн жыл сайын иш-чаралардын сериясын өткөрүп турат. Алар өлкөдөгү бизнес-климатты жакшыртуу, чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу жана бизнес үчүн стратегиялык жактан маанилүү маселелерди чечүү максатын көздөйт.

AmCham-Кыргызстандын канча мүчөсү бар?
Бүгүнкү күндө AmCham-Кыргызстанга 60 компания мүчө. Жыл сайын бул сан өсүп келатат. Салыштыра турган болсок: жылдын башында Соода Палатасына 45 компания мүчө болсо, 2015-жылдын үчүнчү кварталында алардын саны өстү.

AmCham ишмердиги Кыргызстандагы бизнес-структураларга эмнеси менен пайдалуу?
Соода Палатасына мүчө компаниялар үчүн бир катар артыкчылыктар бар. Алардын баары ар бир категорияда көрсөтүлгөн. Палатага мүчөлүк биринчи кезекте дүйнө жүзү боюнча өнөктөштөрдүн түйүнүн кеңейтүү, бизнести өнүктүрүү, бизнес кызыкчылыктарын мамлекеттик деңгээлде сүрөө боюнча кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн эл аралык практикасы жана келечектүү бизнес долбоорлор тууралуу актуалдуу маалыматтар жеткиликтүү болот. AmCham’га жигердүү катышуу менен, Палатага мүчө компаниялар өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө жана Кыргызстандагы жагымдуу бизнес-климатка олуттуу салым кошушууда.

Директорлор кеңешине кимдер кирет?
Уланбек Термечиков – Кеңештин Төрагасы – Компаньон Финансы Тобу
Брэдли Бреннеман – Негиздөөчү жана Директор – Сиерра Компаниялар Тобу
Ернар Накисбеков – Башкы Директор – Скай Мобайл
Кай Илм – Операциялар боюнча Директор – Финка Банк
Пол Мерфи – Башкы Менеджер – Хаятт Ридженси Бишкек
Шевки Сарылар – Башкы Менеджер – Демир Кыргыз Интернэшнл Банк
Эрдинч Гюзель – Башкы Менеджер- Кока-Кола Бишкек Боттлерс

Кантип мүчөлүккө өтсө болот?
Соода палатасына мүчө болуу үчүн мүчөлүктүн категориясын аныктап алып, анкетаны толтуруп, аны memberservices@amcham.kg электрондук дарегине жибериш керек. Өтүнмөнү карап чыккандан кийин Соода Палатасынын өкүлдөрү уюмга мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан жооп кайтарышат. Оң жооп алынгандан кийин мүчөлүк төгүм төлөнөт. Ошондон кийин тандап алган категорияга жараша бардык артыкчылыктарга жана ресурстарга жол ачылат.