AmCham мүчөлөрү – бизнести кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө, бизнес көрсөткүчтөрүн жакшыртууга жана бийик максаттарга жетүүгө умтулган компаниялар. AmCham’га мүчө болуунун артыкчылыктары:
Эл аралык бренд
AmCham-Кыргызстан U.S. Chamber of Commerce аттуу ири эл аралык бизнес уюмга кирет. Аталган уюм 100дөн ашык өлкөдө 3 миллиондон ашык компаниядан турган ишкерлер жамаатынын кызыкчылыктарын көздөйт. Палата бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.
Кеңири бизнес мүмкүнчүлүктөр
Палата бизнеске байланышкан актуалдуу маселелерди чечүү үчүн майнаптуу платформаны түзөт. Ошондой эле Палатанын мүчөлөрү үчүн өзөктүк жергиликтүү жана эл аралык байланыштарга жана ресурстарга жол ачылат.
Бизнес-нетворкинг
AmCham өнөктөштөрүнүн глобалдык түйүнүнүн жана уюмдун миссиясынын жардамы менен Палатанын мүчөлөрү өз байланыш түйүндөрүн кеңейтип, бизнес өнөктөштөрдү, ошондой эле инвесторлорду таба алышат.
Бизнесиңизди натыйжалуу илгерилетүү
AmCham ресурстарын колдонуп, бизнес иш-чараларын өткөрүү жана Палатага мүчө компанияларга маалыматтык колдоо көрсөтүү боюнча жигердүү ишмердиктин арты менен катышуучулар өлкө аймагында да, чет өлкөлүк базарларда да өз өнүмдөрүн жана кызмат көрсөтүүлөрүн илгерилетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
AmCham-Кыргызстан мүчө компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана продукцияларын илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтча түзүп берет. AmCham Дисконттук программасына катышуу Палатага мүчө компаниялардын арасында кросс-маркетингдин эффективдүү аспабы болуп эсептелет. Ал дисконттук картанын ээлерине Палатанын мүчөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө жана продукциясына эксклюзивдүү жеңилдиктерди берет.
Америкалык соода палатасына мүчө болууга тиешелүү толук маалыматты +996 (312) 62 34 06 телефон номерине чалып, алсаңыз болот.