FINCA Банк Глобалдык акча жумалыгынын алкагында финансылык сабаттуулук боюнча тренингдерди өткөрдү

987654321
Бишкек, 11апрель 2017.

 

FINCA Банк апрель айында Кыргызстанда өткөрүлгөн Глобалдык акча жумалыгынын алкагында миңге жакын адамды финансылык сабаттуулукка үйрөттү.

 

«Финансы дүйнөсүнө саякат» сабактарында тренерлер балдарга жана чоңдорго бюджет, акча топтоо, финансылык максат деген эмне экендигин түшүндүрүшүп, ага кантип жетүүгө болоорун, кирешелерди жана чыгымдарды кантип эсепке алып, пландоо керектигин, акча топтоонун жана банк салымдарынын түрлөрүн айтып, кеңештерин беришти жана жаш өспүрүмдөргө акча табуунун варианттары жана башкалар тууралуу маалымат беришти.

 

Республика боюнча бардыгы болуп 36 тренинг өткөрүлдү. 32 тренингде 876 мектеп окуучулары жана төрт тренингде 107 чоң адамдар окуудан өттү. Ошентип, катышуучулардын жалпы саны 983 адамды түздү.

 

Белгилей кетчү нерсе, тренингдер Бишкек шаарындагы үч балдар үйүндө жана Балдарды коргоо борборунда да өткөрүлдү.