Бишкекке АКШдан бизнесмендердин алгачкы ири делегациясы келатат

KG-US Business Forum kg
Ири америкалык компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу максатында 10-июлдан 12-июлга чейин Бишкекте болушат. Ошондой эле алар жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен бизнес кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Бул сапарды КРдагы Америкалык соода палатасы (AmCham) менен биргеликте Америкалык-Кыргыз ишкерлер кеңеши  (USKGZBC) уюштуруп жатат. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

 

АКШдан келаткан делегациянын курамына AGCO, Baker & McKenzie жана General Electric компанияларынын өкүлдөрү, USKGZBC негиздөөчүлөрү-мүчөлөрү, ошондой эле AES, Mobilized Construction, American Councils for International Education, Coca-Cola уюмдарынын кызматкерлери жана америкалык экономиканын түрдүү тармактарынын өкүлдөрү кирди.

 

Сапардын жүрүшүндө бизнесмендер тар жана кеңейтилген чөйрөдө мамлекеттик органдардын, эл аралык финансы уюмдарынын жана жеке сектордун өкүлдөрү менен жолугушат. Ошондой эле “Кыргызстан – АКШ” бизнес форуму өтүп, анда америкалык компаниялар менен кызматташтыктын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилет. Иш-чарадан кийин кыргызстандык өнөктөштөр менен В2В-жолугушууну өткөрүү пландалып жатат.

 

“Биз эки өлкөнүн өз ара кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн мамлекеттик жана жеке ишканалар менен жолугушууларга даярданып жатабыз”, – деп айтты Америкалык-Кыргыз ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Елена Сон.

 

“Биз жергиликтүү компаниялар ири америкалык уюмдар менен кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн сөзсүз табат деп ишенебиз. Курамына ири америкалык бизнесмендер кирген делегациянын Бишкекке сапары маалында кыргызстандык компанияларга ишенимдүү жана баалуу өнөктөштөрдү таап берүүгө аракет жасайбыз. Бизнес-форум америкалык ири ишканалардын өкүлдөрү менен түз жолугушуулар жана биргелешкен өнөктөштүктүн маселелерин талкуулоо үчүн мыкты платформа болуп берет”, – деп айтты КРдагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Зарина Чекирбаева.

 

Бардык суроолор боюнча, анын ичинде форумга катышуу жана өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрү боюнча маселелер менен Америкалык соода палатасына кайрылсаңыз болот. Тел. номерлери: 0 (312) 62-33-89, 0 (312) 62-33-95 же pa@amcham.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.

 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН

 

Америкалык-Кыргыз ишкерлер кеңеши (USKGZBC) 2016-жылдын 4-августунда Вашингтондо негизделген. Ал жеке бейөкмөт структура болуп эсептелет жана КР менен АКШ ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты илгерилетүүгө багытталган. USKGZBC активдүү бизнес менен алектенген, же республикада бизнес ачууга кызыккан америкалык компаниялардан турган мүчөлүк уюм болуп эсептелет. Кеңештин мүчөлөрү – негиздөөчүлөрү – AGCO, Baker & McKenzie жана General Electric.

 

КРдагы Америкалык соода палатасы өлкөдө жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү бизнес чөйрөнү түзүүгө умтулган эл аралык бизнес ассоциация. Ал дүйнө жүзү боюнча 108 мамлекетте иш жүргүзгөн AmCham глобалдык түйүнүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Кыргызстанда палата түрдүү тармактарда иш алып барган 80ден ашуун жергиликтүү жана чет өлкөлүк компаниялардын бизнес кызыкчылыктарын чагылдырат жана өз ара пайдалуу чечимдерге жетүү үчүн бизнес жамааты, мамлекет жана инвесторлор ортосунда байланыш түзгөн чынжырчанын ролун аткарат.